Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад бул өлкөдөгү тирешкен бардык тараптарды бейкүнөө адамдардын убалына калбай, зордук-зомбулукту токтотууга чакырды. Ал 20-майда Кабулда ооган бийлик башчылары менен, ал эми Катарда «Талибан» кыймылынын лидерлери менен жолукту.
Вашингтондун Ооганстан боюнча чабарманы ооган өкмөтү менен талибдердин ортосундагы токтоп калган сүйлөшүүлөрдү жандантууга аракет кылып жатат.
Анын бул сапары Ооганстандын Парван жана Хост провинцияларында эки мечитке чабуул коюлган учурга туш келди. 19-майдын кечинде орозо кармагандар ооз ачып жатканда болгон кол салуудан бери дегенде 14 адам мүрт кетти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү белгисиз куралчан адамдар мечитке кирип келип, зыяратчыларды атканын билдирди. Ички иштер министрлиги Парвандагы кол салууга «Талибан» кыймылын күнөөлөгөн, бул куралдуу топ болсо дооматты четке каккан.
Аптанын башында Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен анын саясий атаандашы, мурунку башкы аткаруучу Абдулла Абдулла саясий бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашкан.
Гани менен Абдулла элдешер алдында Кабулдагы төрөтканага чабуул коюлган. Анда 24 адам мерт болгон, алардын көбү жаңы көз жарган келиндер экени, арасында жаңы төрөлгөн эки ымыркай бар экени кабарланган.
Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы 5 миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.
Бул сүйлөшүүлөргө президент Гани менен Абдулланын өз ара саясий тиреши жолтоо болуп келген. Андан сырткары Кабул менен «Талибан» туткун алмашуу тууралуу бири-бирине шарт коюп, бири-бирин айыпташкан.