Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Башкы прокурордун отчётун дээрлик бардык депутаттар колдоду


Өткүрбек Жамшитов.

Жогорку Кеңеш 21-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун былтыркы жылга карата отчётун канааттандырарлык деп тапты.

Башкы прокурордун баяндамасын бекитүү жана ага канааттандырарлык деген баа берүү тууралуу токтомго жыйында каттоодон өткөн 115 депутаттын 113ү «макул» деген добуш берди. Экөө добуш берген жок.

Жамшитов сессияда айтылган сын-пикирлердин баары каралып, талдана турганын билдирди. Ал сессияга чейин парламенттин тармактык комитеттеринде баяндама жасап, депутаттар аны бир добуштан колдоп беришкен.

Жалпы сессияда парламентарийлер бир катар чуулгандуу иштер тууралуу суроолорду беришип, ага башкы прокурордун жоопторун угушту.

Жамшитов билдиргендей, былтыр Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине, 163 549 арыз катталган. Анын 87 374ү кылмыш, 76 175и жорук болуп саналат. 2019-жылы прокуратура органдары мамлекеттин пайдасына 39 миллион 455 миң сомду өндүрүш үчүн сотко 998 доо арыз жиберген. Анын 81% канааттандырылып, 27 миллион сом өндүрүлгөн.

Жамшитов былтыр прокуратура органдары тарабынан 3882 кызматтык жана коррупциялык иштер Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кошумчалады. Мунун 1355и иш тергөөнүн жыйынтыгында өндүрүштөн кыскартылган.

Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын апрелинен бери Башкы прокуратураны жетектеп келатат. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG