Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:12

Чеченстанда орозо айтта жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чеченстандын Ички иштер министрлиги төрт күнгө (23-26-май) созулган орозо айт майрамында коронавирус коркунучунан улам жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынарын эскертти. Мекеме бул күндөрү чукул кызматтар гана иштей турганын билдирди.

Орозо айт - мусулмандардын башкы майрамдарынын бири жана бул күнү жарандар тууган-уругунун, тели-теңтушунун үйүнө айттап барышат, конок чакырышат.

Ички иштер министри Руслан Алханов чеченстандыктар жалпысынан жагдайды туура түшүнүп жатканын, бирок эл арасында илдеттин олуттуу экенин кенебегендер да бар экенин айтты. «Айрым бир жоопкерчиликсиз жарандардын айынан баары жабыркап калышын каалабайбыз, ошондуктан карантин эрежелерин бузгандарга мыйзамдагы катаал жазаларды колдонобуз», - деди министр.

Мунун алдында Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен муфтий Салах Межиев жарандарды Орозо айтты үйдө гана белгилөөгө чакырган. Орусиянын президенти Владимир Путин да орусиялык мусулмандарды майрамда үйдө болууга үндөгөн.

Апрель айынын башында Рамзан Кадыров Чеченстандын чек араларын жаап койгон жана өлкөдө карантин жарыялаган. Чечен бийлиги мындай чаралар менен ооруну ооздуктай алганын айтып келет. Чеченстанда мисалы коңшу Дагестанга салыштырмалуу COVID-19га кабылгандар үч эсе аз, тактап айтканда ооруну миңден ашыгыраак адам жугузуп алган.

XS
SM
MD
LG