Кошмо Штаттарда 20-майдан тартып ачык террасасы бар ресторандар иштей баштады. Бирок үстөлдөр ортосунда эки метрлик аралык сакталышы зарыл. Айрым тамактануучу жайлардын жетекчилери кызматкерлеринин дене табын текшергенден кийин гана жумушка киргизүүдө.
Коронавирустан катуу жабыркаган Нью-Йорк штаты 21-майдан баштап 10 кишиден ашпаган диний жыйындарга жана үйлөнүү үлпөттөрүнө уруксат берди. Бирок катышуучулардын баары беткап тагынып, ортодогу аралыкты сакташы керек.
Өлкөнүн вице-президенти Майк Пенс: «АКШдагы 50 штаттын баары жарым-жартылай ачыла баштады. Жол дагы эле узак, бирок туннелдин аягындагы жарык көрүнүп калды», - деди.
21-майда президент Дональд Трамп өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды жасай баштаган Детройт аймагындагы фабрикага бара турган болду. Ал шаршемби күнү кайрадан Кытайдын жетекчилигин айыптап, «алар өз өлкөсү дүйнөгө ооруну жана адам өлүмү менен коштолгон мүшкүлдү жайылтканын унуткарыш үчүн жан далбастап жатышат» деп «Твиттерге» жазды. Буга чейин Бээжин Вашингтондун дооматтарын бир нече жолу четке кагып, азыр биринчи кезекте пандемияны ооздуктоо аракеттерине көңүл бурулушу керек экенин билдирген.
АКШда коронавирус 1,5 миллиондон ашык адамга жукту жана илдеттен 93 миңден көп киши көз жумду.