21-майга карата акыркы бир сутка ичинде Орусияда 8849 адамдан коронавирус табылды. 127 киши COVID-19дан каза болду. Орусияда экинчи күн катары менен жаңы учурлардын саны 9 миңден аша элек. Өлкөдө жалпысынан өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 317 554 кишиге жетти. Баш-аягы 3099 бейтап кайтыш болду.
Соңку бир күн ичинде Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 265ке же мурдагы күнгө салыштырмалуу 3,8% көбөйдү. Алардын 84ү баш калаа Нур-Султанга туура келет. Алматы, Чымкент шаарлары менен Атырау облусунда да ондогон адамдан вирус табылды. Ушуну менен 13-марттан бери Казакстанда өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандар 7234 кишиге жетти. Алардын 35 жашоо менен кош айтышты.
Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги 20-майдын кечинде берген маалыматка ылайык, өлкөдө вирусту жуккандар 2140 кишиге жетти. Бир күн мурда 204 адамдан вирус табылды. 470тей бейтап илдеттен айыгып чыкты.
21-майга карата Өзбекстанда коронавируска чалдыккандар 2950 кишиге жетти. 2372 киши айыгып чыкса, 13 бейтап COVID-19 илдетинен кайтыш болду.