Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:47

Башкы прокуратурада ишкерлерди колдоо боюнча бөлүм түзүлдү

Кыргызстандагы күнөсканалардын бири. Ош облусу. Февраль, 2016-жыл.
Кыргызстандагы күнөсканалардын бири. Ош облусу. Февраль, 2016-жыл.

Ишкерлик субъектилери менен иштей турган атайын бөлүм эки күн мурда түзүлгөнүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 21-майда парламентте отчёт берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бул бөлүмдө төрт кызматкер иштейт. Алар фискалдык жана башка органдардын ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүлөрүнүн алдын алуу багытында иш жүргүзөт.

Кыргызстанда ишкерлер арасында мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнө нааразы пикирлер көптөн бери айтылып келатат.

Жогорку Кеңеш башкы прокурордун 2019-жылда аткарылган иштер тууралуу отчётун көпчүлүк добуш менен колдоп берди. (NT)

XS
SM
MD
LG