Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:48

Мэрия: жыл башынан бери экологиялык эрежени бузгандарга 3,5 млн. сом айып салынды


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкек шаарында январь айынан баштап санитардык-экологиялык эреже бузгандарга 363 протокол толтурулган. Аларга 3,5 млн. сом айып салынган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди. Амантуров шаардыктарды экологиялык эрежелерди сактоого чакырды.

Ал ишканаларга имаратынын айланасын таза кармап, бактарды сугарып туруш керек экенин эскертти. Анын айтымында, дөңгөлөк желимдөөчү жайларда эски дөңгөлөктөрдү көчөгө чыгарып коюуга тыюу салынат. Шаардык бийлик дөңгөлөктөр жеке менчик мончолорго жагылып жатканы аныкталса катуу чара көрүлөрүн билдирди.

Акыркы жылдары экологдор Бишкек шаарында санитардык-экологиялык талаптар сакталбай жатканы абанын булганышына алып келгенин айтып жүрүшөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG