Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 16:55

Муфтий казыларга айт намаз мечиттерде окулбай калганын элге туура түшүндүрүүнү тапшырды


Максатбек Токтомушев

21-майда Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максатбек Токтомушев облус казылары менен онлайн жыйын өткөрүп, мусулмандарга 24-майдагы айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбай калышынын себебин жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу туура түшүндүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында муфтий Максатбек Токтомушев өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу басаңдай элек экенин белгилеп, Саламаттык сактоо министрлигинин эрежелерин так сактоого чакырды.

Быйыл Кыргызстанда Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Муфтият мындай чечимин эл арасында коронавирустун жайылышына жол бербөө аракети менен негиздеди.

24-май - Орозо айт. Бул күнү муфтий Максатбек ажы Токтомушев таңкы саат 07:00дөн 07:30га чейин «КТРК» телеканалы аркылуу мусулмандарды куттуктайт жана кайрылуу жасайт.

24-март - Орозо айт майрамы быйыл дем алышка туура келгендигине байланыштуу мыйзамга ылайык 25-май дем алыш күн саналат. (TSh)

XS
SM
MD
LG