Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

БП: Беларус соту Үсөновду саясий негизде кесилген деп экстрадициялоодон баш тарткан


Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов «Беларус улуттук биотехнология корпорациясындагы» (БНБК) салтанаттуу жыйында. Сүрөт булагы: TUT.BY интернет-басылмасы. 27-июль, 2018-жыл.
Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов «Беларус улуттук биотехнология корпорациясындагы» (БНБК) салтанаттуу жыйында. Сүрөт булагы: TUT.BY интернет-басылмасы. 27-июль, 2018-жыл.

Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновдү экстрадициялоону Беларустун укук коргоо органдарынан жеке өзү бир нече жолу суранган. Акыркы жолу Беларус соту өтүнүчтү аткаруудан баш тартып, муну Үсөнов өз өлкөсүндө саясий негизде соттолгон деп негиздеген. Бул тууралуу башкы прокурор 21-майдагы парламент жыйынында билдирди.

«Өзүм барганда да бул маселени көтөрүп, үч жолу сүйлөштүк. «Ооба, карайбыз» деген, бирок 2018-жылы Беларус соту дагы «саясий негизде соттолгон деп өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Ага карабастан дагы деле сурап келебиз», - деди Жамшитов.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларынын учурундагы оор кылмыштар үчүн айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө сыртынан кесилген. Кийин ал Даниил Урицкий деген ат менен Беларуста иш жүргүзөрү кабарланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG