«Google» компаниясы жаңы коронавирус инфекциясына байланыштуу медициналык маалыматтарды «YouTube» видеохостингине жайылтууну тыйган эрежелерди жарыялады. Алар төмөнкүлөр:
- Коронавирус бар экенин четке кагуу;
- Дарыгерлердин жардамынан баш тартуу жана табыпчылык, дуба менен дарылануу;
- COVID-19га каршы вакцина же дары эчак эле бар экенине ишендирүү;
- Илдетке чалдыкпаш үчүн Азия тамактарынан баш тартууга чакыруу;
- Салют атып, абаны коронавирустан тазалоо.
Жогорудагы темалар жана башка чындыкка дал келбеген маалыматтар камтылган видеолор өчүрүлөт. Кайра кайталанса, аккаунтка бөгөт коюлат.