Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:47

Бүгүн өкмөттүк эмес уюмдар боюнча долбоор парламенттик угууда талкууланат


Мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттар.
Мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттар.

Бүгүн, 22-майда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик талкуу өткөнү жатат. Укук коргоочулар талкуу карантин режимине карабастан өткөрүлө турганын сынга алышууда.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координаторунун өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго вербалдык нота жиберип, өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча позициясын билдирди.

Нотада бул демилге жарандык коом өкүлдөрүн, парламент мүчөлөрүн жана эл аралык коомчулукту тынчсыздандырып жатканы белгиленген.

Өкүлчүлүк Жогорку Кеңешти БУУнун атайын баяндамачылары менен Венеция комиссиясынын мүчөлөрүнөн турган эксперттик топтун пикирине көңүл бурууга чакырды. Анда мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Кыргызстандагы бардык коомдук уюмдардын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги белгиленген.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүчү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыгып, коомдук талкууга январь айынын башында койгон.

Март айынын башында Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. «Макул» деп 100 депутат добуш берип, тогуз депутат каршы болгон.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

XS
SM
MD
LG