Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

АКШ ачык асман келишиминен чыгууга ниеттенүүдө


Дональд Трамп.

АКШ ачык асман келишиминен чыгууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп Вашингтондо журналисттер менен жолукканда билдирди.

«Орусия менен мамилем жакшы, бирок Москва келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбай жатат. Бизде жаңы келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк көп», - деди президент.

Ачык асман келишимине 1992-жылы мартта кол коюлган. Орусия документти 2001-жылы ратификациялаган. Бүгүнкү күндө келишимге кол койгон 34 өлкө бар. Макулдашууга ылайык, бул өлкөлөр аскердик ишмердүүлүктү көзөмөлдөш үчүн бири-биринин аймагы аркылуу учуп өтө алат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги азырынча АКШдан бул боюнча расмий билдирүү келбегенин билдирди. Мекеме Вашингтондун келишимден чыгышы Европадагы аскердик коопсуздук системасына терс таасирин тийгизет деп эсептейт. Министрлик Москванын дарегине айтылган бардык дооматтар негизсиз экенин белгиледи.

АКШ ачык асман келишиминен чыгууну караштырып жатканын алгач былтыр октябрда билдирген.

XS
SM
MD
LG