Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

ЖМКлар Рамзан Кадыровдон коронавирус табылганын кабарлоодо


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров коронавирус жуккан деген күмөн менен ооруканага жатканы кабарланды. Ал Москвадагы ооруканалардын бирине учак менен жеткирилген. Бул тууралуу «Интерфакс» басылмасы жана «Baza» «Телеграм» каналы жазды. Бирок маалыматты расмий органдар ырастай элек.

«Интерфакс» Москвадагы медицина тармагындагы булагына таянып, «Кадыров коронавирус илдетине күмөн саналууда, ал учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө» деп жазды. Ушундай эле маалыматты ТАСС агенттигинин булагы билдирген.

«Baza» «Телеграм»- каналы жазганына караганда, Кадыровдун өпкөсү сезгенген. Алгач ал ооруп жатканын билдиргенде суук тийген болушу мүмкүн экени айтылган. Бирок акыркы күндөрү абалы кескин начарлап кеткен.

Бирок, «Грозный» мамлекеттик телеканалынын директору, Чеченстандын башчысынын жардамчысы Ахмед Дудаев Кадыров ооруканага жатканын четке какты.

Орусиядагы аймактардын ичинен Чеченстанда карантиндик катаал чаралар киргизилген. Республикада коменданттык саат иштеп жатат. Бардык мекеме-ишканалардын иши токтотулуп, аймакка кирип-чыгууга тыюу салынган. Штабдын маалыматына караганда, Чеченстанда коронавирус илдети миңден ашык кишиден табылды.

XS
SM
MD
LG