Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

COVID-19 жуккан күч кызматкерлеринин саны 82ге жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда күч органдарында иштеген кызматкерлердин арасынан коронавирус илдетине чалдыккандар 82 адамга жетти. Бул тууралуу 22-майда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 33ү айыгып чыкты. 49у дарылануусун улантууда.

Жалпысынан 22-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1350 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 949 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG