Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 10:48

Элчилик: Орус-казак чек арасында топтолгон мигранттар калган жок, 410у жолго чыкты


Казакстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан орус-казак чек арасында, Орусиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда топтолуп турган жарандарынын баарын алып чыкты. 22-майда Оренбург шаарынан тогуз автобус менен 410 адам Казакстан аркылуу жолго чыкканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Элчилик тараткан маалыматта «казак тарап алардын баарынын саламаттыгын текшерип, тийиштүү кагаздарын жазып берди. 12 айдоочу машинасын тралдарга жүктөдү, калган айдоочулар мурда жашаган жерине кайра жөнөштү. Ошентип, Соль-Илецк шаарында жана Бузулук районунда Кыргызстандын топтолгон жарандары жок» деп айтылат.

Акыркы маалыматка караганда, жалпысынан автобустарга 417 адам отурган, алардын үчөөнү орус тарап, төртөөнү казак тарап өткөрбөй койду, себеби алар «тажик жарандары экени аныкталды».

Ошону менен катар элчилик орус-казак чек арасы дагы эле жабык экенин эскертти.

Коронавирус илдетине байланыштуу чек ара жабылгандан кийин орус-казак чек арасында мекенине кайтууну каалаган кыргызстандык мигранттар март айынын ортосунан баштап жүздөп топтоло баштаган. Алардын 541ин өкмөт 7-майда автобус менен алып келген. Медициналык байкоодон кийин жүздөн ушуунунан коронавирус табылды. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG