Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат (видео)


Кыргызстандын парламенти.
Кыргызстандын парламенти.

Парламентте коммерциялык эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча талкуу өтүп жатат. Ага катышып жаткан 60ка жакын кишинин арасында Кыргызстандагы бир катар мамлекеттик эмес уюмдардын, эл аралык уюмдардын, өкмөттүн өкүлдөрү, демилгечилер, жарандык активисттер, журналисттер бар. Долбоорду Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттык топ иштеп чыккан.

Райымкулов коммерциялык эмес уюмдар бардык финансылык каражаттары, мүлкү жана кызматкерлердин айлык акысы тууралуу маалыматты тиешелүү органдардын порталдарында ачык көрсөтүп, отчёт бериши керек деген сунуш киргизип жатканын айтты. Жыйында бул сунушту «демократия эрежелерине каршы келет» деп сындагандар да, колдогондор да чыкты.

Укук коргоочулар буга чейин талкуу карантин режимине карабастан өткөрүлө турганын сындап чыгышкан. Жыйында демилгечи депутат Бактыбек Райымкулов коомдук талкууда аралык сакталып жатканын жана 60тай киши гана чакырылганын билдирди.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координаторунун өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго вербалдык нота жиберип, мыйзам долбооруна бушаймандык билдирген.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүчү мыйзам долбоору коомдук талкууга январь айынын башында коюлган.

Март айынын башында Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. «Макул» деп 100 депутат добуш берип, тогуз депутат каршы болгон.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат. (NT)

XS
SM
MD
LG