Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн кармалгандардын арасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери, «Ала ТВ» компаниясынын өкүлү бар. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова «Азаттыкка» билдирди.
Маалыматка караганда, бул иш боюнча камакка алынган беш кишинин бири - Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубованын орун басары. Черногубованын өзүн УКМК жана Аскер прокуратурасы 12-майда камакка алган. Учурда тергөө уланып жатканы кабарланды.
Аскер прокурору Нуркамал Набиев парламенттин 21-майдагы сессиясында жыштык маселеси боюнча айрым жогорку кызмат адамдары да сурак берип жатканын айткан. Иш «Коррупция» беренеси менен иликтенүүдө. Тергөө иштерине байланыштуу Черногубовадан бөлөк кармалгандардын аты-жөнү айтыла элек.
Алар «ич ара сүйлөшүп алып, байланыш операторунун лицензиясын мыйзамдарды бузуп кайра каттаган, муну менен мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирген» деп шек саналып жатат. (NT)