Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:27

Штаб: Чет жакта коронавирус 154 кыргыз жаранынан табылган, алардын бири каза болгон


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүнкү күндө чет жакта жүргөн кыргызстандыктар арасында коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 154 адам. Бул тууралуу 22-майда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, илдетке чалдыккандардын бири Индияда каза болгон.

Коронавирус жуккандардын көбү Орусияда – 105 адам.

Мындан тышкары Пакистанда 22, Бириккен Араб Эмираттарында жети (бешөө айыкты), Индияда жети (бирө каза болгон, алтоо айыккан), Казакстанда беш (алардын төртөө Бишкекте, бирөө Алматыда дарыланууда), Малайзияда үч (баары айыккан), АКШда, Испанияда, Өзбекстанда, Грекияда жана Италияда бирден адам катталган.

Жалпысынан 22-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1350 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 949 бейтап айыгып кетти.

29-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекенине кайтууну пландап, бирок коронавирустун айынан чет мамлекеттерде калууга мажбур болгондорду сабырдуулукка чакырган.

12-майда онлайн брифингде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 58 өлкөдө 8712 кыргызстандык жаран кыргыз өкмөтүнөн мекенине кайтууга жардам күтүп жатканын айткан. Андан бери алардын айрымдары Кыргызстанга жеткирилди. (RK)

XS
SM
MD
LG