Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Индия менен Бангладеш: «Амфан» куюну 80ден ашык адамдын өмүрүн кыйды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Индиянын чыгышы менен Бангладеште 1999-жылдан берки эң катуу шамал болду. «Амфан» катуу куюнунун кесепетин негизинен Индиянын Батыш Бенгалия штаты тартты. Анда миңдеген имараттар кыйрады жана электр жарыксыз калды. Аймакта табыгый кырсыктан 70тен көп киши көз жумду. Калькутта аэропорту суу алдында калды.

Катуу бороон Бангладешке чейин жетип, жалпысынан жети киши мерт болду. Эгин-тегин эгилген талааларды, бир топ чарбаларды суу каптады. Индияда 600 миң, ал эми Бангладеште 2,5 миллион адам коопсуз жайга убактылуу жайгаштырылды.

Бул аймакта 1999-жылдагы катуу куюнда 10 миңдей адамдын өмүрү кыйылган.

Соңку табыгый кырсык аталган өлкөлөр коронавирус пандемиясы менен күрөшүп жаткан маалга туш келди. Индияда COVID-19ду жугузуп алгандар 100 миңден, ал эми Банладеште 25 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG