Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Бишкекте кара май сакталуучу кампада өрт чыкты


Өрт чыккан жер. 22-май, 2020-жыл.
Өрт чыккан жер. 22-май, 2020-жыл.

Бишкекте кара май сакталган кампадан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, окуя бүгүн түшкө маал болгон.

Садырбаев көчөсүндө жайгашкан кампадан чыккан өрт жанындагы эки кабат үйдүн чатырына да, жалпысынан 640 чарчы метр аянтка жайылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракеттеринин натыйжасында жанындагы кафе жана башка турак жайлар аман калды.

Адамдардан эч ким жабыркаган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG