Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

COVID-19 жуккандардын саны боюнча Бразилия Орусияга жакындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бразилияда соңку бир күндүн ичинде коронавирустан 1188 адам жан берди жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды. Илдеттен жалпысынан 20 миңден көп киши көз жумду. Бул өлкөдө оорунун жайылышы басаңдай элек, илдет жугузуп алгандардын саны 310 миң адамдан ашты. Бул Орусияга караганда жети миң адамга аз.

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару карантин чараларын киргизүүгө каршы чыгып, оору коркунучун кенебей жатканынан улам өз өлкөсүндө да, эл аралык коомчулукта да сынга кабылып келет.

Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнөдө коронавируска кабылгандар 5,1 миллион адамдан ашты, 333 миңдей бейтап көз жумду.

Оору жугузуп алган жана андан көз жумган адамдардын саны боюнча биринчи орунда турган Кошмо Штаттарда COVID-19 жалпысынан 1,5 миллиондон ашык адамга жукту жана коронавирустан мерт болгондор 95 миң кишиге жакындап калды.

XS
SM
MD
LG