Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Орусия ачык асман келишими боюнча АКШнын дооматтарын четке какты


Иллюстрациялык сүрөт.

Москва Вашингтондун «Орусия ачык асман келишиминдеги шарттарды бир канча жолу бузган» деген дооматы негизсиз экенин билдирди. Кремль эгер АКШ бул документтен чыгып кете турган болсо, анын мындай кадамы Европанын жалпы коопсуздугуна шек келтирерин эскертти.

Мунун алдында, 21-майда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Орусиянын айынан анын өлкөсү 35 мамлекет кол койгон бул эл аралык келишимден чыгарын айткан.

«Менимче, биздин Орусия менен мамилебиз абдан жакшы. Бирок Орусия бул келишимдин шарттарын сактабай жатат. Алар шарттарды аткарганга чейин биз чыгабыз. Ошентсе да жаңы келишим түзүүгө же бул документти кайра иштетиш үчүн бир нерсе кылууга жакшы мүмкүнчүлүк бар», - деп билдирген Трамп.

АКШ соңку чечими тууралуу документке кол койгон башка 34 мамлекетке расмий билдирүү жөнөткөнү жатат.

Ачык асман келишимине 1992-жылы кол коюлган, бирок он жылдан кийин гана ишке киришкен. Бул документ ага кошулган мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди жана эл аралык туруктуулукту камсыз кылууну максат кылары белгиленген.

Бул документ 35 мамлекетке бири-биринин аймагына көзөмөл жүргүзүүчү учактарды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Курал алып жүрбөгөн мындай учактар келишимге кол койгон өлкөлөрдөгү аскердик жайларга байкоо жүргүзө алат.

Былтыр АКШ Советтер Союзу менен 1987-жылы кол коюлган Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишимден чыгып кетип, анда да Москва документин шарттарын бузганын жүйө келтирген.

XS
SM
MD
LG