Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Султангазиев: ӨЭУ тууралуу долбоор кабыл алынса миллиондордон куру калабыз


Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

Өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы он миллиондогон доллардан кур жалак калат. Мындай пикирин медицина тармагы боюнча эксперт, Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Айбар Султангазиев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал кыргыз өкмөтү 2020-жылы донорлордон COVID-19 дартына каршы күрөш үчүн 72 миллион доллар (5,4 млрд.сом), ВИЧ жана кургак учук программаларына 10 миллион долларга жакын (750 млн.сом) акча ала турганына, мындан башка да жардам берилип келе жатканына токтолгон.

«Бул акча тармактагы каражаттардын дээрлик 30% түзөт. Ушул каражаттын эсебинен кургак учукка чалдыккан 1400дөй, ВИЧ жугузуп алган үч миңден ашуун жаран жана 500 бала, пенитенциардык тармактагы, мамлекеттик мекемелердеги кеминде 500 медицина кызматкерлери кошумча акча алат. Айта берсе сөз көп. COVID-19га каршы күрөш донорлордун эсебинен жүргүзүлүп жатат. Глобалдык фонд 2021-2023-жылдарга карата ВИЧ жана кургак учук менен күрөшүү багытындагы программаларды улантыш үчүн 27 миллион доллар берүүгө макул болгон. Эл аралык уюмдар тарабынан колдоо көрсөтүүнүн маанилүү шарттарынын бири - дискриминация менен стигмаларды азайтуу, жарандык коомдун бардык иш-чараларга активдүү катышуусуна шарт түзүү болчу».

Султангазиев талкууга түшкөн мыйзам долбоору кабыл алынса мындай жардам токтотуларын кошумчалап, «өкмөт мамлекетке келген он миллиондогон доллардын ордун толтура алабы?» деп суроо салды. Өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик талкуу Бишкекте 22-майда өттү.

Анда коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болсун деген сунуш бар. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

БУУ жана Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар мыйзам долбооруна тынчсыздануу билдирип жатышат. Парламенттик талкууда жергиликтүү уюмдардын арасында долбоорду колдогондор да болду.

Бир катар укук коргоочулар талкууга катыша албай, парламент имаратынын сыртында акция өткөрүштү. Укук коргоочулар социалдык тармактарда да мыйзам долбоорун четке кагууга чакырык таштап жатышат. Ошол эле учурда социалдык тармактарда бул мыйзамды жактагандар да бар. (NT)

XS
SM
MD
LG