Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:11

Пакистанда кыйраган учакта 76 адам мерт болду (жаңыртылды)


Кырсыктаган учак Лахордон Карачиге учуп келаткан.
Кырсыктаган учак Лахордон Карачиге учуп келаткан.

Пакистандын бийлиги 22-майда Карачи шаарына жакын эл жашаган аймакка кулап түшкөн учакта 91 жүргүнчү, экипаждын сегиз мүчөсү болгонун билдирди. Жергиликтүү бийлик кеминде 76 адам каза болгонун, үч киши аман калганын, калгандары белгисиз экенин маалымдады.

«А320» үлгүсүндөгү учак Карачиге Лахордон учуп келаткан жана коноруна саналуу гана секунддар гана калганда кулаган.

Карачидеги бардык ооруканаларда өзгөчө абал жарыяланды. «Geo TV» телеканалынын кабарчысы «Азаттыктын» Пакистан кызматына учактан ал жерге кулап түшө электе эле өрт чыга баштаганын айтып берди.

Баштапкы маалымат боюнча беш турак жай кыйрады. Премьер-министр Имран Хан бул окуя аны «сай-сөөгүн сыздатып, нес кылганын» билдирди жана иликтөө иштерин чукул арада баштоону тапшырды.

Кырсык бул өлкө Орозо айт майрамын белгилегени жаткан маалга туш келди. Бул майрамда бир топ жарандар шаардан айыл-апаны көздөй, кыштактардан калааларга тууган-уруктарына жол тартышат.

Пакистан бийлиги мындан бир канча күн мурун коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чараларды жумшартып, ички каттамдарга уруксат берген эле.

XS
SM
MD
LG