Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Коронавирус жуктургандардын ичинде 180 бала бар


Медайым коронавирус жуккан ымыркай менен отурат. Кытай. 16-март, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 18-марттан бери коронавирус илдетин жуктуруп алып, катталган 1365 адамдын 180и жашы он бешке толо элек балдар.

Бул тууралуу 23-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтуусунда, жалпы ооругандардын ичинен 213 адамдын жашы 55тен жогору. 436 адам 35-55 жаш курагындагылар. 489 адам 20-35 жаштагылар.

Мурдараак коронавирус жуктурган балдардын арасында бир жашка толо элек 12 ымыркай бар экени кабарланган.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч адам 18-мартта катталган. 22-марттан тартып, өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилип, карантин жарыяланган.

Кыргыз өкмөтү өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү максатында ишкерликти жандандырууга 1-майдан тарта бир нече баскыч менен уруксат берген.

21-майдан тартып соода борборлору, автоунаа базарлары менен мал базарлар, мейманканалар жана калкты тейлөө борборлору иштей баштады.

25-майдан тарта уруксат бериле турган ишкана-жайлардын тизмесине спорттук, тренажердук залдар, фитнес-клубдар жана бассейндер да киргизилди. Командалык, жамааттык спорттун түрлөрүнө кирген футбол, күрөш, бокс, баскетболго уруксат азырынча жок.

Дарыгерлер элди өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн эл көп чогулган жерге барбай, муктаждык болбосо үйүнөн чыкпай турууга үндөөдө.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG