Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:41

Ак-Талаада ооругандарга вирус жаңы төрөгөн келиндерден жуккан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунан катталган 18 адамга коронавирус төрөт үйүнөн чыгып барган келиндерден жукканы аныкталды. Бул маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 23-майда билдирди:

"Облустук төрөт үйүндө көз жарган эки келин үйүнө баргандан кийин алар менен тыгыз байланышта болгон 12 адамдан коронавирус аныкталган. Лабораториялык иликтөөлөрдүн натыйжасында дагы алты адамдан илдет аныкталып, жалпысынан Ак-Талаа районунда 18 адамга коронавирус жуккан".

Нурболот Үсөнбаевдин маалыматына караганда, учурда бардык оору жуктургандар дарыланып жатат. Алар менен байланышта болгон адамдардын баары көзөмөлгө алынып, текшерүүдөн өтүүдө.

22-май күнү Нарын облусунда 21 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Анын ичинен 18и Ак-Талаа районунун тургундары экени кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG