Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

АКШ Кытайдын отуздан ашуун ишканасын "кара тизмеге" киргизди


Гонконгдогу нааразылык демонстрациялар. Декабрь, 2019-жыл.
Гонконгдогу нааразылык демонстрациялар. Декабрь, 2019-жыл.

АКШнын Соода министрлигинин маалыматына караганда, "кара тизмеге" Кытайдын 33 ишканасы кирди. Алар мусулман азчылыктардын укугунун тебеленишине салымы бар деп эсептелген ишкана-уюмдар.

Жети ишкана Шинжаңдагы мусулман азчылыктарын "куугунтуктоо, массалык кармап-камоо, мажбурлап иштетүүгө" катыштыгы бар деп айтылган. Жыйырмадан ашуун компания Кытайдын армиясы менен байланышта болгону үчүн "кара тизмеден" орун алган.

"Кара тизмеге" кирген ишканаларга Америкадан жана башка өлкөлөрдөн АКШнын катыштыгы менен жасалган товарларды сатып алуусуна чектөө коюлат.

АКШ Соода министрлигинин бул кадамы Бээжинде Эл өкүлдөрүнүн Улуттук конгресси Гонконгдогу "улуттук коопсуздук боюнча мыйзам долбоорун" карап жаткан учурга тушташ жасалганын айрым маалымат каражаттары жазышты.

АКШ Бээжиндин бул мыйзамды кабыл алуу дымагын сынга алган. Мамлекеттик катчы Майк Помпео 22-майдагы билдирүүсүндө бул Гонконгдун автономиясына шек келтире турганын айтты:

"Гонконгдо иштелип чыккан мыйзамдарды аттап өтүп, андагы элдин эркине көңүл бурбоо чечими - Кытайдын БУУ алдында берген убадасынан тайганын көрсөтүп турат. Гонконгдун автономиясын жана эркиндигин басмырлоочу бардык чечим “бир өлкө, эки система” формуласына жана аймактын макамына терс таасирин тийгизет", - деди Помпео.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайтарылган.

Бириккен Улуттар Уюму менен макулдашууга ылайык, Бээжин Гонконгдун ички саясатына, анын ичинде сот чечимдерине да кийлигишүүгө укугу жок.

Кытай Гонконгду Британиядан кайтарып алып жатканда “бир өлкө, эки система” формуласы боюнча башкара турганын убада калган. Бул формула социалисттик өлкөнүн курамындагы Гонконгдо демократия кепилденет дегенди түшүндүрөт.

XS
SM
MD
LG