Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

АКШдан жана Канададан 146 кыргызстандык кайтып келди


АКШдан жана Канададан 146 кыргызстандык кайтып келди. Бишкек. "Манас" аэропорту. 23-май, 2020-жыл.
АКШдан жана Канададан 146 кыргызстандык кайтып келди. Бишкек. "Манас" аэропорту. 23-май, 2020-жыл.

23-май күнү АКШ жана Канададан кыргызстандыктар мекенине жеткирилди. Алардын ичинде 109 мектеп окуучусу, 37 студент жана улгайган курактагы адамдар бар. Аларды алып келүү үчүн атайын учак уюштурулганын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык окуучулар менен студенттер ал жакта FLEX, International Student Exchange, NorthWest Student Exchange, Fullbright жана башка программалардын негизинде барып, окуп жатышкан.

FLEX программасы менен АКШда окуп жаткан окуучулар АКШнын Бишкектеги элчилигинин жардамы менен акысыз учуп келишти.

Кайтып келгендер Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарына ылайык, толук лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп, обсервацияга алынышканы кабарланды.

Коронавирус пандемиясы башталган февраль айынан бери Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келе албай калган он миңден ашуун кыргызстандыктар чартердик жана башка каттамдар, автобустар менен алып келинген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG