Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Суракматов: Бишкекте коронавирустун жайылуу тобокелдиги жогору


Азиз Суракматов, Бишкек шаарынын мэри.
Азиз Суракматов, Бишкек шаарынын мэри.

25-майдан тарта Бишкекте коронавируска каршы күрөшүүнүн жоопкерчиликтүү жана эӊ коркунучтуу этабы башталат.

Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов бүгүн, 23-майда брифингде билдирди. Мэр муну 25-майдан тартып көптөгөн ишканалар, коомдук транспорттун ишке кайтышы менен байланыштырды. Суракматов бардык ишканалардын, өзгөчө базарлардын, соода борборлорунун, транспорттук уюмдардын, спорт залдардын жетекчилерине эскертүү жасап, мындан ары COVID-19 вирусу жайылган ишкана, мекеме жана башка уюмдун жетекчиси жоопкерчиликке тартыларын баса белгиледи.

23-майга карата борбор калаа Бишкекте 351 адам коронавирус илдетине чалдыкканы аныкталды. Анын ичинен көпчүлүгү - 102 адам Ленин районунда жашайт. Октябрь районунда 71, Биринчи май районунда 56 жана Свердлов районунун аймагында 43 адам ооруну жуктуруп алган. Жалпы Бишкек боюнча оору жуктургандардын ичинен 83 адам калааны айланта курчаган 20 жаңы конушта жашашат. Эң көбү - 26 адам Арча-Бешик жаңы конушунун тургундары.

23-майга карата жалпы Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылган он беш адам жаңы катталды. Алардын ичинен тогузу Санкт-Петербургдагы аскер лицейинин жакында Кыргызстанга кайтып келген курсанттары.(ZKo)

XS
SM
MD
LG