Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

Түркияда карантин эрежесин бузган кыргызстандыктар айыпка жыгылды


Бул тууралуу жергиликтүү "Демирөрен" кабар агенттиги маалымат таратты. Анда 22-майда Анталия шаарынын Муратпаша районунда карантин эрежелерин бузган эки кыргызстандык келинге полиция тарабынан 460 доллардын тегерегинде айып пул салынганы жазылган.

Кыргызстандык келиндер алар жашаган аймак карантинге жабылганын билбей соода кылуу үчүн көчөгө чыкканын айтышкан.

18-майда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орозо айт күнүнө дал келген 23-24-25-26-май күндөрү өлкөдө жарандарга көчөгө чыгууга тыюу салынганын кабарлаган.

Түркияда расмий өзгөчө кырдаал киргизилген эмес, бирок дем алыш күндөрү коменданттык саат жарыяланып жатат. 22-майга карата Түркияда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 154 миңден ашты. Каза болгондор - 4276 киши. Ал эми 116 миңден ашык киши айыгып чыккан.

30 миңдей кыргызстандык Стамбул, Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенет жана окуйт. (ElB)

XS
SM
MD
LG