Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Францияда храм жана чиркөөлөрдүн ишине уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-майдан тарта Франциядагы храмдарга жана чиркөөлөргө барууга уруксат берилгенин Европадагы маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Сыйынууга келгендер санитардык эрежелерди так аткарууга, беткап тагынып, колун санитайзер менен дезинфекциялоого тийиш. Адамдардын ортосундагы аралык талаптагыдай сакталышы кажет.

Коронавирус пандемиясынан улам жарыяланган карантин режими Францияда май айынан тарта жумшара баштаган. Бирок храмдардын жана чиркөөлөрдүн ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес.

Бир күн мурда АКШнын президенти Дональд Трамп да штаттардын губернаторлорунан диний мекемелердин ишин жандантууну талап кылып, пандемия учурунда бул зарыл экенин айткан.

Францияда коронавирус илдетине 182 015 адам кабылган. Илдеттен 28 218 киши көз жумган.

XS
SM
MD
LG