Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун 22-майдагы токтому менен 23-майдан тарта Кыргызстандан Өзбекстанга цемент тоскоолдуксуз сатыла баштайт. Буга Кыргызстандын өкмөт башчысы
Мухаммедкалый Абылгазиевдин өтүнүчү негиз берди.
Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, 1-майдан 31-декабрга чейинки убакта цемент импортуна чектөө киргизүү тууралуу чечимин карап чыгышын өтүнгөн.
Сүйлөшүүдө эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелери тууралуу да сөз болгон. Анын ичинде кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу жана коронавирустун жайыышына жол бербөө маселелери талкууланып, тараптар кызматташтыктын бардык маселелери боюнча маалымат алмашууга макулдашкан.
Кыргызстандын өкмөттүк аппараты маалымдагандай, бүгүнкү күндө Өзбекстандан Кыргызстанга азык-түлүк жана башка товарлар эч кандай тоскоолдуксуз өтүп жатат. (ZKo)