Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Батыш Казакстанда карантин 15-июнга чейин узартылды


Казакстандагы карантин маалындагы жашоо, 11-май, 2020.
Казакстандагы карантин маалындагы жашоо, 11-май, 2020.

Батыш Казакстан облусунда коронавируска чалдыккандар көбөйүп жаткандыктан, карантин бери дегенде 15-июнга чейин узартылат. Бул тууралуу облус бийлиги билдирди.

Бул аймакта COVID-19га чалдыккандар өткөн суткада 2,8% көбөйгөнүн облустагы санитардык дарыгердин орун басары Нурлыбек Мустафин билдирип, ошол себептен карантин дагы үч аптага узартылганын айтты.

Мустафин облус бийлигинин чечимин «соңку күндөрү коронавирус жуктуруп алгандардын саны 4,1% чейин жетип турду. Карантин бул көрсөткүч 2% төмөн болгондо гана алынат» деп түшүндүрдү.

Соңку суткада облуста COVID-19 жуктурган 10 жаңы бейтап катталды. Алардын бири Карачагактагы мунай-газ чыккан кенди иштеткен KPO b.v. консорциумунун жумушчусу экенин медиктер билдирди.

Казакстан 16-марттан тартып 11-майга чейин өзгөчө абал режимин киргизген. Өлкөдө жекшембиге карата жалпысынан 8000ге чукул кишиден коронавирус аныкталып, 35 бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG