Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:49

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус 38 адамга жуккан


Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 38 адам жаңы катталды. Алардын ичинен 25 адам Нарын облусунда. Бишкекте беш, Ош облусунда эки, Жалал-Абад облусунда бир Баткенде бир адам коронавирус жуктуруп алган. Андан тышкары Соль-Илецк шаарынан келгендерден үч адамдан жана Санкт-Петербург шаарынан келген бир курсанттан вирус аныкталды. Ушуну менен 24-майга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 1403 адамга жетти.

Бул тууралуу 24-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифиргде билдирди. Анын айтуусунда, акыркы суткада аныкталган 38 адамдын сегизи сырттан жуктуруп келген.

"Кийинки аныкталгандардын көпчүлүгү байланыш аркылуу жуккандар болуп жатат. Ошондуктан өлкөдө эпидемиологиялык абал туруксуз, чыңалуу байкалып турат. Мен бардыгыңыздарды санитардык-гигиеналык талаптарды бекем сактап, муктаждык болбосо үйдөн чыкпоого чакырам. Ишке кирген ишканалар да санитардык талаптарды бекем сактоого тийиш".

Үсөнбаевдин маалыматына караганда акыркы суткада 23 адам оорудан айыкты. Жалпысынан коронавирус жуктуруп алган 980 адам сакайып чыкты. 14 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алган соң каза тапты.

Акыркы суткада бир медицина кызматкеринен вирус аныкталды. Жалпысынан ооруга чалдыккан 274 медицина кызматкердин 226сы айыгып, ишине кайтты.

Ушул тапта 409 адам стационарда жатат, 11 адам оор абалда. Төрт киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG