Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

АКШ "Талибандын" Орозо айт учурунда атышууну токтотуу демилгесин кубаттады


АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад.
АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад.

Ооганстан өкмөтү менен "Талибан" кыймылынын Орозо айтты майрамдоо учурунда ок атышууну токтотуу тууралуу билдирүүсүн АКШ кубаттады.

Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад: "Биз "Талибан" кыймылынын Айт майрамы учурунда атышууну токтотуу тууралуу чечимин жана ооган өкмөтүнүн ага үндөш билдирүүсүн кубаттайбыз", - деп билдирди.

Ал "Твиттердеги" баракчасына "бул чечимдерге удаа эле АКШ менен талиптердин келишиминдеги кийинки кадамдар аткарылышы: камактагылар бошотулушу керек", деп жазды.

Халилзад тараптар зомбулукту токтотуп, тынчтык келишими жөнүндө сүйлөшүүнүн күнүн макулдашууга жетишкени дурус деп билдирип, "бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек. АКШ жардам берүү үчүн колдон келгенин жасайт", деп жазды.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы 5 миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

XS
SM
MD
LG