Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Коронавирус жуккан Мукар Чолпонбаев каза болду


Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

Коронавирус жугуп, ооруканага түшкөн коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев каза болду. Ал Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу дарттар ооруканасында ​24-майда түш ченде көз жумду.

COVID-19га каршы Республикалык штаб тараткан кабарга ылайык, коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер, 70 жаштагы Мукар Чолпонбаевге коронавирус инфекциясы жугуп 5-майда ооруканага түшкөн. Ошол эле күнү реанимацияга которулуп, андан бери абалы оор болчу.

Кыргызстанда 18-марттан бери коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 1403 адамга жетти. Алардын 980и сакайып, 15 адам жашоо менен кош айтышты. Ушул тапта 409 адам стационарда жатат, 11 адам оор абалда, төртөө жандандыруу бөлүмүндө. (SE)

Мукар Чолпонбаевдин "Азаттык" радиосуна 2019-жылдын октябрында берген интервьюсу:

XS
SM
MD
LG