Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:49

Орусияда акыркы суткада коронавирус жуккан 153 адам көз жумду


"Крокус Экспо" соода борборуна COVID-19 илдетин жуктургандарды дарылоочу убактылуу оорукана жайгаштырылган. Москва шаары. 11-май, 2020-жыл.
"Крокус Экспо" соода борборуна COVID-19 илдетин жуктургандарды дарылоочу убактылуу оорукана жайгаштырылган. Москва шаары. 11-май, 2020-жыл.

Бул Орусияда эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Ал эми 24-майга карата вирус жуктуруп алган 8599 адам жаңы катталды. Бул мурунку күнгө салыштырмалуу миң кишиге аз.

COVID-19 илдетинен жалпысынан Орусияда 3541 адам көз жумду. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 345 миңге чукулдады. Бир күн мурда илдетке чалдыккандардын көптүгү жагынан 2-орунда келе жаткан Орусияны Бразилия басып өткөн. Бразилияда ооруга чалдыккандардын саны 349 миңден ашты, 22 миңден ашуун киши илдеттен көз жумду.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун жугуу темпи басаңдаганын билдирди. Оору көп катталган күндөрү бир суткада вирус жуктурган 10-11 миң киши катталып жаткан.

XS
SM
MD
LG