Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Ким Чен Ын ядролук потенциалды жогорулатуу жыйынын өткөрдү


KCNA агенттиги 24-майда чыгарган сүрөт.
KCNA агенттиги 24-майда чыгарган сүрөт.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн ядролук арсеналын көбөйтүү жана куралдуу күчтөрдү жогорку даярдыкка келтирүү маселесин талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өлкөнүн медиа каражаттары 24-майда кабарлашты. Бирок бийликтеги Жумушчу партиянын аскердик комиссиясынын жолугушуусу качан болгону такталган жок.

"Rodong Sinmun" деген борбордук гезит 36 жаштагы лидердин генералдардын катышуусундагы жыйында сөз сүйлөп жаткан сүрөтүн жарыялады. Буга чейин Ким Чен Ын 20 күндөй коомчулуктун алдына чыга элек болчу. Үстүбүздөгү айдын башында Ким жер семирткичтерди жасаган заводдун ачылышына катышканы маалымдалган. Анын алдында түндүк кореялык жетекчи ооруп жатат деген имиштер байма-бай айтылып келген.

Жакында кошуна Түштүк Кореянын чалгындоо кызматынын өкүлдөрү Ким Чен Ын пандемиядан улам коомдук ишмердигин чектегенин парламентте билдиришкен.

Жыйын Пхеньян менен Вашингтондун Түндүк Кореянын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрү туңкуюкка такалган кезде өттү.

XS
SM
MD
LG