Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Израилдин өкмөт башчысы Нетаньяхунун соту башталды


Биньямин Нетаньяхуга каршы акция. Иерусалим, 24-май, 2020-жыл
Биньямин Нетаньяхуга каршы акция. Иерусалим, 24-май, 2020-жыл

Израилдин өкмөт башчысы, коррупцияга айыпталып жаткан Биньямин Нетаньяхунун соту 24-майда Иерусалимде башталды. Премьер сот имаратына кирип барып жатып, бул иш оппоненттери тарабынан атайлап уюштурулганын, тергөө “бурмаланганын” билдирди.

Нетаньяхуга өткөн ноябрда паракорлук, көз боёмочулук жана коомдун ишенимин жоготуу беренелерине ылайык иш козголгон. Бул - Израиль тарыхында кызматта отурган өкмөт башчынын үстүнөн алгачкы сот процесси. Бир жума мурун Нетаньяху бешинчи жолу премьер катары ант берди. Саясатчы өкмөттү 11 жылдан бери жетектеп, бул кызматты эң узак өтөгөн жетекчи болуп калды.

6-майда өлкөнүн Жогорку соту "коюлуп жаткан айыптарга карабай Нетаньяху кабинет түзө алат" деген бүтүм чыгарган.

Алты жыл мурда Израилдин мурдагы өкмөт башчысы Эхуд Олмерт пара алууга айыпталып, 16 ай абакта отуруп чыккан. Экс-премьер 2006-2009-жылдары кызматта тургандан кийин соттолгон.

XS
SM
MD
LG