Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:07

Коомдук транспорт ишке кирди


Автобусту дезинфекциялоо. Бишкек шаары. Март, 2020-жыл.
Автобусту дезинфекциялоо. Бишкек шаары. Март, 2020-жыл.

Бүгүн, 25-майда Кыргызстанда кийим-кече сатуучу базарлар, жайкы кафелер жана ресторандар (50 орундуктан ашык эместери, коноктор арасында 1,5-2 метр аралык так сакталышы зарыл), театрлар, музейлер, галереялар менен китепканалар толугу менен иштей баштады.

Андан тышкары шаар ичинде каттаган автобустардын, троллейбустардын жана кичи автобустардын да ишине уруксат берилди. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы 25-майда 110 троллейбус жана 112 автобус каттамга чыгарын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб иши жандандырылган тармактар санитардык талаптарды так аткарышы керек экенин, эреже бузулса айыппул салынарын эскертти. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев элди коомдук транспортто өз коопсуздугу үчүн беткап тагынып, автоунаанын ичинде аралыкты сактоого чакырды:

«Коомдук транспортто адамдардын бири-бири менен байланышы жогору болот. Автоунаага кишини толтуруп салбаш керек. Каттамга чыгар алдында машинени дезинфекция кылып, унаанын бардык металл жана пластиктерин тазалоо зарыл. Каттамдан кайтып келгенден кийин да автоунааны жууп-тазалап туруш керек. Ошол эле кезде жарандар да машине толуп калгыча түшүп алып кооптуу жагдайга кириптер болбосо жакшы болмок».

Штаб транспорттун ичинде жүргүнчүлөрдүн саны орундуктардын саны менен чектелиши керек экенин да кошумчалады.

18-мартта Кыргызстанда коронавирустун биринчи учуру катталып, алгач өзгөчө кырдаал, кийин өзгөчө абал режими киргизилгендиктен дээрлик бардык ишкана-мекемелердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Ушул тапта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал тартиби күчүндө турат.

Өкмөт өзгөчө абал режиминен кийин ишкердикти жандандыруунун жолдорун иштеп чыккан. Ага ыйлык үчүнчү баскыч менен эл көп чогула турган базарлардын, коомдук транспорттун ишине уруксат берилди. (BTo)

XS
SM
MD
LG