Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Абакта отурган 94 кишиге паспорт берилди


Абакта отургандардын бирине паспорт тапшырылып жатат.
Абакта отургандардын бирине паспорт тапшырылып жатат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан 94 киши паспорт алды. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтына чыккан маалыматта айтылат.

Ага ылайык, абакта отургандардын ичинен 1500дөн ашык адамдын паспорту жок экени аныкталган. ЖАМК Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук калкты каттоо жана паспорт берүү бөлүмдөрүнө 800дөн ашын соттолуучунун документтерин жөнөтүп, 94үнө паспорт берилди. Андан тышкары дагы 80 кишинин жоголуп кеткен документтери табылып, соттолгондордун өздүк иштерине тиркелди.

Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө 9 500 ашык соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял. Улгайгандардын саны 250нүн тегерегинде. (BTo)

XS
SM
MD
LG