«Онлайн университет» платформасы илимий изилдөө жазган окумуштууларга теманы туура тандоонун жол-жобосун түшүндүрүп берет. Бул максатта университеттин изилдөө лабораториясы «Изилдөө темасын кантип тандаш керек?» деген темада вебинар өткөрөт.
Уюштуруучулардын айтымында, вебинарда изилдөө ишинин темасын тандоо стратегиялары тууралуу кеңири маалымат берилет. Ошондой эле студенттердин, магистранттардын жана жаш илимпоздордун илимий иштерин уюштурууда теманы туура тандоонун мааниси жана баскычтары талкууланат. Мындан тышкары, изилдөө ишинин же макаласынын темасын кызыктуу жана таасирдүү кылуунун жолдору тууралуу практикалык сунуштар берилет.
Вебинардын спикерлери Борбор Азиядагы Америка университетинин Антропология программасынын доценти Мукарам Токтогулова жана Германиядагы Тюбинген университетинин окутуучусу жана докторанты Гүлзат Баялиева болот.
Белгилей кетсек, «Онлайн университеттин» Изилдөө лабораториясы кыргызстандык жаш изилдөөчүлөргө «Web of Science», «Scopus» сыяктуу дүйнөлүк реферативдик маалымат базаларына кирген илимий журналдарга макала жазуу эрежелерин, изилдөө баскычтарын үйрөтүү жана кеңеш берүү максатында түзүлгөн.
«Онлайн университет» платформасынын курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген кыргызстандык мекендештерден жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдордон турат. (RK)