Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Бишкек: Маршруттук кичи автобустар каттамга дээрлик эки эсе аз чыкты


Бишкек. Архивдик сүрөт.
Бишкек. Архивдик сүрөт.

Бишкекте бүгүн коомдук транспорттун бардык түрүнө уруксат берилди. Мэриянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлагандай, 110 троллейбус жана 112 автобус жолго чыкты.

Ал эми маршруттук кичи автобустар адаттагыдан дээрлик 50% аз чыкты - болжол менен 800-900 даана.

Муну адистер бүгүн Кыргызстанда расмий түрдө дем алыш күн деп жарыяланганы жана жүргүнчү ташууга коюлган жаңы чектөөлөрдөн улам жол киреден киреше табуу мүмкүнчүлүгү азайганы менен түшүндүрүүдө.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Бишкекте марттын соңунда коомдук транспорттун бардык түрү токтогон.

25-майдан тартып уруксат берилгенде ар бир автобуста, троллейбуста жана кичи автобуста жүргүнчүлөр ортосунда аралык жана санитардык талаптар сакталышы керек экендиги айтылган.

Кичи автобустар - эл көп колдонуучу транспорт. Адатта бош отургуч калбагандыктан жүргүнчүлөр туруп барышат, ичинде эл көп болот.

Дарыгерлер COVID-19 эл көп топтолгон жерде тез тарай турганын белгилеп жүрүшөт. (RK)

XS
SM
MD
LG