Соңку бир сутка ичинде эки өлүм катталганын Саламаттык сактоо министрлиги 25-майда кабарлады.
24-майда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, белгилүү коомдук жана саясий ишмер Мукар Чолпонбаев Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасында 70 жашында көз жумду. Ошол эле күнү Республикалык штаб коронавирус жуккан бейтап эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткенден көз жумганын кабарлады.
Мукар Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылган. 12-майда жандандыруу бөлүмүнө которулуп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.
Коронавирус Чолпонбаевдин аялына да жуккан. Ал өткөн аптада ооруканадан айыгып чыккан.
Соңку суткада каза болгон экинчи адам – 67 жаштагы эркек бейтап. Ал Чүй облусуна караштуу Жайыл аймактык ооруканасында жаткан. Маркум тууралуу башка маалымат берилген жок.
Кыргызстанда коронавирус жуккандан кийин абалы начарлап, каза болгондордун саны 16га жетти.
Бүгүнкү күндө коронавирус жуккан 425 адам ооруканада жатат. Алардын 12синин абалы оор деп бааланууда. Алардын ичинен төрт бейтап жандандыруу бөлүмүндө.
Жалпысынан 18-марттан 25-майга чейин Кыргызстанда коронавирус 1433 адамдан табылды, 992 бейтап айыгып кетти. (RK)