Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Бишкекте мектептер ремонттолот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы 2020-жылы жайкы каникул учурунда 34 мектепти, 14 бала бакчаны жана балдардын эки чыгармачыл борборун капиталдык ремонттон өткөрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу мэриянын коомчулук менен байланыш кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бул мекемелердин чатырлары, жылуулук системасы, суу түтүктөрү оңдоого муктаж. Мындан тышкары мектептерге мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 88 пандус орнотулат. Капиталдык оңдоо иштерине акча шаардык бюджеттен бөлүнөт.

Бишкек шаарында 97 мектеп, 86 бала бакча жана балдардын беш чыгармачыл борбору иштейт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте да билим берүү мекемелери 16-марттан тартып үч жумалык каникулга тараган. 8-апрелден бери сабактар онлайн форматта жүргүзүлүп келген. 30-майда 2019-2020-окуу жылы аягына чыгат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG