Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

Санитардык талаптарды аткарбаган ишканалар айыпка жыгылууда


25-майда коомдук транспорт ишин жандантты. Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
25-майда коомдук транспорт ишин жандантты. Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча санитардык талаптарды аткарбаган ишканаларга 900 миң сомдон ашык суммага айып салынды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады. Анда айтылгандай, өзгөчө абал алынгандан кийин ишин жандандырган 6891 ишкана текшерилген. Натыйжада 680 ишкананын ээсине жалпы суммасы 977 миң сомдук айып пул салынды. 2710 ишканага жазуу түрүндө, тогуз мекемеге оозеки эскертүү берилген.

15 ишкананын иши боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Оору көп катталган айрым аймактарга 25-марттан 11-майга чейин өзгөчө абал жарыяланган. Азык-түлүк өндүргөн, саткан ишканалардан, дарыканалардан тышкары бардык ишкана-мекемелер убактылуу ишин токтоткон.

Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен экономиканы жандандыруу максатында 1-майдан тартып ишканалар бир нече баскыч менен ишин жандандырууда.

25-майдан баштап Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад, Нарын шаарларында коомдук транспорт ишин жандантып, 50 орунга чейинки ашканалардын, кафе-ресторандардын, айрым тейлөө мекемелеринин иштешине уруксат берилди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG