Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:10

Мукар Чолпонбаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду


«Ала-Арча» көрүстөнү. 25-май, 2020-жыл.
«Ала-Арча» көрүстөнү. 25-май, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевдин сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө 25-майда жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу расмисине туугандары, жакындары жана расмий бийлик өкүлдөрү катышты.

Расмий адамдардын катарында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов болду.

Маркумдун жаназасы көрүстөндө окулду.

Саламаттык сактоо министрлиги 8-майда бекиткен нускамага ылайык, коронавирус илдети жуккандан кийин каза болгон маркумдун сөөгү «эпидемиологдун көзөмөлүндө дин өкүлдөрүнүн, жакындарынын гана катышуусунда» жерге берилет. Ага чейин, сөөктү өлүкканадан чыгарар алдында хлор чачып, бир нече кабат кездемеге орош керек.

Нускамада ошондой эле маркумдун сөөгү «өлүкканадан атайын автоунаа менен түз эле көрүстөнгө жеткирилиши керек» экендиги, аны жалпы көрүстөнгө көмсө болору белгиленген.

Жогорудагы талаптарга байланыштуу маркумду акыркы сапарга кыздары, аял туугандары да көрүстөнгө барып узатышты.

Мукар Чолпонбаев 24-майда Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасында 70 жашында көз жумду. Ошол эле күнү Республикалык штаб коронавирус жуккан бейтап эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткенден көз жумганын кабарлады.

25-майдагы маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус илдети аныкталган 1433 адамдын ичинен 16 киши каза болду, 992 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG