Испаниянын Мадрид жана Барселона шаарларында 25-майдан тартып жоро-жолдош, тууган-урук менен жолугушууларга тыюу салган эреже жоюлду. Барлар менен ресторандардын жайкы террасалары кайра ачылды. Ортодогу эки метр аралыкты сактоо шарты менен пляждарга барууга уруксат берилди.
Италияда спорт залдар менен бассейндер иштей баштады. Бир катар аймактарда көңүл ачуучу жайлардын, мейманканалардын жана машинелерди ижарага бере турган жайлардын иши жанданды.
Чехияда башталгыч класстар үчүн мектептер кайра ачылды, көчөдө сөзсүз беткап кийиш керек деген талап жоюлду. Германия менен Грекияда ресторан, кафе жана башка кызмат көрсөтүүчү жайларды ачууга уруксат берди.
Украинанын ири шаарларындагы метро кайра иштей баштады.
Европанын бир топ өлкөлөрүндө соңку күндөрү коронавирус жуккан жана бул илдеттен каза болгон адамдар азайып жатат.
Шенген аймагындагы бир катар мамлекеттер 15-июндан тартып ички чек араларын ачышат. Европа Биримдигинин сырткы чек аралары да 15-июнга чейин жабылган, мындай чектөөнүн мөөнөтү дагы узартылабы же жокпу, азырынча белгисиз.
Дүйнө жүзүндө коронавирус жуккандар 5,5 миллион адамга жетип калды, өпкөнү сезгенткен илдеттен 345 миңден көп киши көз жумду.