Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Жасинда Ардерн жер титирөөдө сабырдуулугун көрсөттү


Жасинда Ардерн.
Жасинда Ардерн.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн күнүмдүк брифингде сүйлөп жаткан маалда жер силкинди. Азыноолак тынчсызданган Ардерн эки жагын карап сөзүн улантты. Бул видео дароо социалдык тармактарга жайылып кетти жана анын солк этпеген токтоо мүнөзүн мактагандар көп болду.

25-майда, эртең менен баш калаа Велингтондо болгон жер титирөөнүн күчү 5,8 баллга жеткени маалым болду.

2017-жылы өкмөт башчылыкка келген 39 жаштагы Ардерн Жаңы Зеландияда карантинди убагында киргизип, коронавируска каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзгөнү үчүн калкынын арасында популярдуу болуп жатат.

Ал буга чейин, эки жыл мурдагы мечитте болгон кандуу калабада өзүн алып жүргөнү жана былтыр жыл соңунда жанар тоо атылган маалда да туура чечимдерди кабыл алганы үчүн элинин алкоосуна арзыган.

Беш миллиондой калкы бар Жаңы Зеландияда коронавирусту бир жарым миңдей киши жуктуруп алып, анын 21и көз жумду.

XS
SM
MD
LG