Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Түркияда кыргызстандык мигрант келин жүрөк оорусунан көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

24-майда Түркиянын борбор калаасы Анкарада иштеп жүргөн кыргызстандык мигрант келин жүрөк-кан тамыр оорусунан каза болгону маалым болду.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин кызматкерлери маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүүгө даярданып жатканын «Азаттыкка» кабарлашты.

Расмий маалыматка караганда, Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет.

Түркияда ички аба каттамдар 4-июнга чейин, эл аралык каттамдар 10-июнга чейин токтотулган.

2019-жылы Анкарадан Кыргызстанга жети «Жүк 200» жөнөтүлгөн. (ElB)

XS
SM
MD
LG